20:52
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Уулдар күнү. Ата жолун улаган уулдар

Жыл сайын 22-ноябрда дүйнө жүзүндө үй-бүлөлүк майрам- Уулдар күнү белгиленет. Бул күндү уулдары бар ар бир ата-эне майрамдашат.

Кыргыздарда «Атадан кем уул, атага тең уул жана атадан артык уул» деген сөз айтылып келет. Бул сөздөр бата бергенде да айтылат. Ата жолун улаган артык уулдар тууралуу 24.kg агенттиги материал даярдады.

«Алма сабагынан алыс түшпөйт»

Саясатта атасынын жолун уланткандардын сап башында Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, ал ЦК КПССтин биринчи катчысы Апсамат Масалиевдин уулу экени баарына белгилүү. Исхак Масалиев атасы түптөгөн Кыргызстан коммунисттик партиясын дагы жетектеп келет.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Ал эми парламенттин мурдакы спикери Медеткан Шеримкуловдун уулу Канай Шеримкулов депутаттыкка ат салышып, саясатка аралашуу аракетин көрдү. Ал бизнес менен алектенгени белгилүү. Айтмакчы, дагы бир спикер Абдыганы Эркебаевдин уулу Аскар журналистика тармагында эмгектенип, азыр эл аралык уюмдар менен иштейт.

Парламенттин дагы бир депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев ЖКнын депутаты Эргеш Төрөбаевдин уулу. Ал атасынын саясаттагы ордун басууда.

Айтылуу мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыков дагы депутат. Мурдакы депутат, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин уулу Марлен Маматалиев дагы азыркы алтынчы чакырылышта олтурат.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды
Бешинчи чакырылыштын депутаты Мамытбек Салымбековдун уулу Жумабек Салымбеков Бишкек шаардык кеңештин депутаты. Ал эми иниси Аскардын уулу Улукбек Салымбеков ата жолун ишкерлик менен улантууда.

Депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек болсо өкмөттө иштеп аткарууга бийлигинен тажрыйба топтомокчу.

Дагы бир мурдакы депутат Жангороз Каниметовдун уулу Адыл Каниметов жакында эле Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды. Дагы бир уулу — Бакыт Каниметов өкмөттүн аппаратында иштейт.

Ал эми парламенттин мурдакы спикерлеринин бири Муратбек Мукашевдин уулу Данияр Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Парламенттин эки жолку депутаты Асамидин Мариповдун уулу Улукбек Марипов Эсептөө палатасынын төрагасы.

Башкы прокурор, саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров дагы саясатта жигердүүлүгүн көрсөтүп жүрөт.

Ата жолун жолдогондор

Убагында «Түштүк кызы», «Арман ай», «Кайгырбачы кан досум» аттуу ырларды созолонто ырдап, угармандардын купулуна толгон ырчы, обончу маркум Чубак Сатаевдин көзү тирүү болгондо быйыл 58 жашка толмок. Ал аз жашаса дагы саз жашап, жалпысынан 33 обондуу ыр жаратып, элге калтырып кетти. Учурда анын өнөрүн баласы Кубаныч Сатаев улантып келет.

«Шорпо» деген лакап ат менен таанылган белгилүү куудул, маркум Жаныбек Алыкуловдун уулу Манас Алыкулов да ата жолун жолдоп, алып баруучу, тамадалык милдетти аткарып келет.

Көзү өтүп кеткен ырчы, обончу Алтымыш Кадыровдун «Бере турчу бир тамчы», «Кечки Бишкек», «Ак буура», «Бактылуу болуп жашайлы» аттуу ырлары азыр деле белгилүүлүгүн жоготпой ырдалып жүрөт. Атасынын жоктугун билгизбей уулдары Талант, Самат Кадыровдор «60 К» тобун түзүп, учурда «Келчи гүлүм», «Мерез жүрөк», «Махабат» аталышындагы ырларды аткарып келет.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

«Аккан арыктан суу агат» дегендей куудул маркум Манас Бердибековдун уулу Санжар Бердибековдун дагы куудулдук өнөрү бар. Мындан тышкары ал ырдап, клип тарттырып да жүрөт. Анын «Мандалак», «Такси», «Трактор» аттуу тамашалуу ырларын эл сүйүп угат.

Санжар Бердибеков өзүн тасма талаасында да сынап, бир катар фильмде роль жараткан.

«От болдум, күйүп болдум» деп башына бандана тагынып, узун чачтары менен айырмаланган ырчы Расул Маматкулов дагы уул кыздары чыгармачылык чөйрөдөн алыс эмес. ТНТ каналында болгон ырлар вокалдык сынагына катышып, Тиматинин сынынан өтпөй калганы да бар. Бирок, ошого карабай, Руслан Маматкулов «Туман», «Сүйбө мени» аттуу ырларды аткарып, эл оозуна алынган.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

«Айкөл» тобун көпчүлүк «Салам, калкым салам!» аттуу ыры менен тааныган. Аталган топтун ырчысы маркум Эдик Кеңеш уулунун уучу кур эмес. Учурда анын жолун жолдоп уулу Кылыч ырдап чыгып жүрөт. Анын аткаруусундагы «Көк-Бөрү», «Татына кыз», «Биздин каттар» аттуу ырлар эл тарабынан жакшы кабыл алынды.

«Ак бантик тагып башыңа» аттуу ыры менен таанылган жана ийинен ылдый түшкөн тармал чачтуу, табышмактуу ырчы Мерген Тургандын жолун жолдой турган уулу бар. Бексултан Мерген уулу ата жолун улай ырдап жүрөт. Ата, баланын дуэтинен турган «Татына кыз» чыгармасы бар.

Залкарлардын урпактары

«Биринчи мугалим» жана башка мыкты тасмаларда мыкты ролду жараткан актер Болот Бейшеналиевдин уулу Азиз Бейшеналиев учурда Россияда жана Казакстан актер.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Бирок, бир кезде кыргыз маданиятын дүйнөгө көкөлөтүп, кинодо «кыргыз кереметин» жаратып, адабиятта залкарлар ысымдарды жаңырткан мезгилдин алптарынын көпчүлүгүнүн уулдары ата таланттын уланта алышкан жок. Мисалы, белгилүү режиссер Болот Шамшиевдин уулу Чыңгыз экономика жаатында билим алып, окутуучулук менен алек. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулдары Аскар, Санжар жана Элдар үчөө тең чыгармачылыктан алыс экендиги белгилүү.

Таланттуу актер Сүймөнкул Чокморовдун уулу Бактыгул Канадада жашайт. Ал кино дүйнөсүнө киришкен жок.

Жазуучу Төлөгөн Касыбековдун уулдары дагы калем өнөрүнөн алыс. Уулу Райкан Төлөгөнов Жогорку Кеңештин депутаты болуп, учурда жаза мөөнөтүн өтөөдө.

Акын Жоомарт Бөкөнбаевдин уулу Кулубек Боконбаев илимий ишкер.

Академик Кайып Оторбаевдин уулу Жоомарт Оторбаев илим кудугун казбай, мамлекеттик ишке аралашып, өкмөттү жетектеди.

Эң көп окулган жаңылыктар