12:05
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өзгөндүн тургунун өлтүрүп кетишти. Милиция бул окуяны саясатташтырбоого чакырат

Өзгөн районунун Мырза-Аки айылынын 24 жашар тургуну киши өлтүрүүгө шектенип кармалды. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине укук коргоо органдары билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, саат 22.30 чамасында айылдын эки тургуну арак ичип жаткан жеринен уруша кетти. Алардын жанында жүргөн курбулары мушташты токтотуп калган, бирок бир нече сааттан кийин, жигиттер кайтадан мушташа баштады.

«25 жаштагы О.у.З. айылдашы С.у.А. менен жолукту. Бирөө экинчисин кемсинте баштап, ар кандай дооматтарын айта баштады. С. у А-нын айтымында, ал берки баладан бир жашка улуу, ошондуктан аны «байке» деп, урматтоо менен кайрылышы керек эле. Кайым айтышуу барып мушташка айланды. Курбулары келип, экөөнү ажыратканына карабастан О.у.З-нын жини кайнап, бир нече убакыттан кийин кайтып келип, С.у.А-га кайтадан кол салды. Жигиттердин жашыраагы машинеден чыкканда, ага алты жолу бычак сайылып, бала ооруканадан көз жумду», — деп айтылат билдирүүдө.

Ош облусунун ИИБи бул маалыматты тастыктады да, бул окуяда саясий негиз жок экенин айтышты. «Каза болгон жигит өзүнүн Porter унаасын ижарага берчү, анын капталында «Республика» партиясынын плакаты бекитилген. Шектүү адам камакка алынды», — дешет башкармалыкта.

Жогоруда аталган партиянын расмий өкүлү Арстан Туржанов буга чейин жалпыга маалымат каражаттарына, тарапкерлеринин бири киши колдуу болуп өлдү деген билдирүү тараткан эле.

Укук коргоо органдары бул окуяны саясатташтырбай, каза болгон жигиттин үй-бүлөсүнүн кайгысын саясатка аралаштырбоого чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар