17:54
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Июнь окуясы боюнча үч саясатчыга айып коюлду

2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу Башкы прокуратура Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кеңешбек Дүйшөбаевге, Исмаил Исаковго жана Бектур Асановго айып койду. Бул тууралуу Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Башкы прокуратуранын тергөөчүсү саясатчыларга айыбын 20-майда угузуп, Дүйшөбаев жашаган жеринен эч жакка кетпөө тил каты менен чыкты. Саясатчы муну оппозицияга карата саясий куугунтук деп эсептейт.

«Мага Кылмыш-жаза кодекси 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») менен айып коюлду. Бул буюртма иш. Биз азыр оппозицияда жүргөндүктөн басым кылып жатышат. Иште эч кандай далилдер жок экен. Мындан ары тергөө, сот адилет болушу керек. Бирок аны көрө албай жатабыз», — деди Дүйшөбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бир жыл мурда июнь окуясы боюнча 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар