17:49
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Албек Ибраимов 28-декабрга чейин камакта калтырылды

Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимов 28-декабрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Маалым болгондой, мурунку мэрдин баш коргоо чарасы бүгүн Жогорку Сотто каралды.

«Сот мурунку шаар башчысынын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтү канааттандырган жок, райондук жана шаардык соттун чечимин күчүндө калтырып койду», — деди жактоочу.

Эске салсак, Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы буга чейин 24-октябрда Биринчи Май райондук соту тарабынан каралып, камакта 2 айга калсын деген чечим чыгарылган. Жактоочу соттун мындай чечимине макул болбой, шаардык сотко кайрылган эле. Шаардык сот дагы анын арызын 3-ноябрда карап, канааттандырган эмес.

Эске салсак, 28-майда УКМК тарабынан «Дастан» ишканасын Албек Ибраимов жетектеп турган учурдагы сатып алуулар боюнча «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Эң көп окулган жаңылыктар