02:39
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бүгүнкү күнү 66 мектеп, 6 бала бакчанын курулушу аяктады

Президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик башкаруу маалында 133 чакырымды түзгөн жалпы республикалык маанидеги жаңы жолдор салынды. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Айтымында, 182 жаңы трансформатордук подстанциялар орнотулуп, 230 трансформатор которулду.

«350 чакырым электр өткөргүч чубалгылар реконструкциялоодон өткөрүлдү, жыйынтыгында авариялык өчүрүүлөрдүн көлөмү 11 пайызга кыскарды», -деди ал.

Ошондой эле социалдык объектилерди куруу боюнча иш жүрүүдө. Алардын ишке ашырылышына бюджеттен 2,9 миллиард сом каралган. Бүгүнкү күнү 66 мектеп, 6 бала бакча куруу аяктады, 6 саламаттыкты сактоо объектилери колдонууга берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар