22:16
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кыргызстанга кайтып келген мурдакы элчи Кылычбек Султан курултайга катышат

Кыргызстанга кайтып келген мурдакы элчи Кылычбек Султан курултайга катышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, курултайда өлкөдөгү саясый кырдаал талкууланып, ачуу чындык айтылышы күтүлөт.

«Жогорку Кеңеш саясый маселелерди көтөрбөй калды. Андыктан патриот активисттер курултай аркылуу коомдогу маселелерди бийликке жеткирүүгө аргасыз», — дейт ал.

Буга чейин чет өлкөдөн башпаанек сурагандыгын жарыялаган Кылычбек Султан кечээ мекенине кайтып келди. Ал президент менен жолугуу ниетинен кайткан эмес.

Эскерте кетсек, курултай 24-ноябрда Бишкек шаарында Т. Абдымомуновдун атынданы Улуттук кыргыз драмм театрында өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар