14:37
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Алматыда көп кабаттуу үйдүн чатырынан муз түшүп, бир аял көз жумду

Алматыда көп кабаттуу үйдүн чатырынан муз түшүп, бир аял көз жумду. Полиция окуяны кырсык катары сыпаттады. Маалыматтарга караганда, окуя 20-ноябрда чак түштө болгон.

Алматы шаарынын Бостандык акимчилиги кабарлагандай, 1958-жылы туулган аялдын башына тогуз кабаттуу үйдүн чатырынан муз түшүп, тез жардам келгенче кайтыш болгон.

Жергиликтүү бийлик бул сыяктуу кайгылуу окуяларды болтурбоо үчүн үй ээлеринин кооперативдери менен бирге короолордогу карды тазалоо жана чатырдагы муздарды түшүрүү иштери жүрүп жатканын маалымдады. Кырсык болгон жердеги көп кабаттуу үйдүн чатырын тазалоо үчүн атайын техника талап кылынган. Көп кабаттуу турак жай 2013-жылы пайдаланууга берилген жана ага башкаруучу компания кызмат көрсөтүп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби