Москвада жүргүнчү ташып иштеген кыргызстандык Кайрат Тентимишевго жумуш сунушталды. Бул тууралуу россиялык ЖМК маалымдайт.
Кайрат Тентимишев аэропорттон олтуруп, үйүнө жеткенде капчыгын таксиде калтырып кеткен кардарын сегиз саат күтүп, кайтарып берген. Ал тууралуу кардары Варя Борцова Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Бирок, Варя таксисттин аты-жөнүн сурабай, телефон номурун албай калганын айткан.
Москвадагы такси түйүнү «Ситимобил» Кайрат Тентимишевго жумушка чакырып, ууна берип, бир айга комиссиядан бошотууну убадалайт.