Дарыгерлер Ак үйдүн алдында кайрадан митингге чыгуу ниетинде
16:41, 19-ноябрь 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкекте үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери Ак үйдүн алдына кайрадан митингге чыгуу ниетинде. Алар Саламаттык сактоо министрлигинин реформасына каршы. Айрыкча эмканаларды оптимизациялоого каршы болушууда.
Дарыгерлер президентке жана премьер-министрге 4 ири эмкананы оптимизациялоого жана тар чөйрөдөгү адистиктерди кайрадан окутууга мүмкүн эместигин жеткирүүнү каалашат.
Эске салсак, Саламаттык сактоо министрлиги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун бириктирип, Бишкекте 4 райондук борборду түзүүнү чечкен.