02:13
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жыл сайын жолдорду оңдоп-түзөөгө 4 миллиард сом каражат бөлүнөт

Бүгүн КСДП парламенттик фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасындагы автоунаа жолдорун куруу, оңдоо жана камсыздоо боюнча КР Өкмөттүн ишмердүүлүгү каралды.

Маалыматка ылайык, жалпы республика боюнча 34 миң чакырым жол бар. Анын 18 миң чакырымы Транспорт жана жолдор министрлигинин балансында. Ар жыл сайын республика аймагындагы жолдорду оңдоп-түзөп салууга 4 миллиард сомдун тегерегинде каражат бөлүнөт.

Рейтинг боюнча коррупциялык көрүнүштөр көп катталган орган Транспорт министрлиги болуп жатканын айткан депутат Рыскелди Момбеков, прокуратура органдары жол тармагындагы мыйзамсыз иштер боюнча иштерди козгоп жатканы менен эч нерсе өзгөрбөгөндүгүн сынга алды.

Фракция лидери Иса Өмүркулов ар жыл сайын республикалык бюджеттен дагы, сырткы инвестициялардан дагы жол тармагына көп каражат бөлүнөрүн, ага сырттан компаниялар келип жол салып, оңдоп жатканын белгилеп, «Биз улуттук жол компанияларын түзүшүбүз керек. Аларга артыкчылык берип, өстүрүшүбүз керек», — деди.

Эң көп окулган жаңылыктар