Ак илбирс, мадыл, тоо текелер жана койлор фотокапканга түшүп калышты. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы жаратылышты коргоо бирикмесинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, фотокапкандар Сары-Жаз, Кайыңды жана Эңилчек өрөөндөрүндө апрель айында орнотулган. Ал эми октябрда ал жаныбарларды сүрөткө тартып калган.
«Жайкысын фотокапкандын жардамы менен 5 ак илбирсти эсепке алганбыз. Бул айда алардын саны 10 экенин аныктадык», -деп айтылат маалыматта.
Жакын Кара-Кулжа районунун коруктарына дагы фотокапкан коюлду.