16:21
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Унаа жуучу жайдын кызматкери кардардын алып келген унаасын айдап качкан

Бишкекте унаа жуучу жайдын кызматкери кардардын алып келген унаасын айдап качып кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкектин тургуну күмүш түстөгү «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаасын унаа жуучу жайдан уурдап айдап кеткендерге карата чара көрүү тууралуу арыз жазган. Окуяга тийиштиги бар делген мурун соттолгон 1992-жылкы М.у.А. аттуу жаран кармалды. Ал унаа жуучу жайдын кызматкери болуп чыкты.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар