07:34
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Караколдо 8-класстын окуучусу параллель класста окуган балага бычак сайды

Караколдо 8-класстын окуучусу параллель класста окуган баланы бычак менен жарадар кылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ИИМден билдиришти.

Окуя кечээ мектептин аймагында болгон.

«Балдар параллель класста окушат. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, бир бала экинчисинин бутуна бычак менен сайган. Жабырлануучу ооруканага кайрылып, медициналык жардам алган соң мектепке келип бычак сайган балына сабап салган», -дешти ИИМден.

Кылмыш иши козголду. Балдардын ата-энелери милицияга арыз жазуудан баш тартышты.

Эң көп окулган жаңылыктар