21:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тогуз-Торо районунун тургуну үйүнө жана унаасына баңгизат сактап жүргөн

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун тургуну үйүнө жана унаасына баңгизат сактап жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа Казарман айылынын Нур-Жайык кичи шаарчасындагы үйлөрдүн биринин алдында токтоп турган учурда милиция кызматкерлери текшерүүгө алышкан. Тинтүү маалында салондон целлофанга оролгон баңгизат табылган.

Андан кийин тургундун үйүн текшеришкен. Жыйынтыгында 105 грамм өлчөмүндөгү баңгизат, ошондой эле аны даярдоого колдонулган буюмдар табылган.


Эң көп окулган жаңылыктар