10:40
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Владимир Путиндин Кыргызстанга 2019-жылдын башында келиши күтүлүүдө

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков Коммерсант газетасына берген интервьюсунда айтты.

Маалыматка караганда, Чыңгыз Айдарбеков алгачкы иш сапарын Москвадан баштады. Ал Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров менен кезигишти.

«Менин жаңы кызмат ордумду алгачкылардан болуп Орусиялык кесиптешим куттуктады. Бул билдирүүнү Орусиянын элчиси билдирген. Мен алгачкы иш сапарымды Москвадан баштадым. Кесиптешим менен эки тараптуу иш-чаралады сүйлөштүк. Мындан тышкары кийинки жылдын 1-жарымында Путиндин иш сапары тууралуу даярдыктар боюнча планды талкууладык. Мен Сергей Лавровду Бишкекке расмий түрдө келип кетиңиз деп чакырдым», -деди министр.

Эң көп окулган жаңылыктар