21:29
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Миллионго жакындаган жылдыздар. Кайсы ырчынын инстраграмда күйөрманы көп?

Кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүнүн ичинен биринчилерден болуп Самара Каримова instagram баракчасындагы жазылгандардын санын 1 миллионго жеткиргени белгилүү. Анын артынан дароо эле Анжелика Кайратова кууп жетип алды.

24.kg агенттиги шоу-бизнес өкүлдөрүнүн инстаграмдагы ишмердигине жана белгилүүлүгүнө көңүл бөлдү. Белгилей кетсек, бул социалдык тармагы аркылуу жарнамаларды жарыялап жакшы акча тапса болот. Андыктан, шоу-бизнес өкүлдөрү гана эмес, айрым жарандар инстаграм баракчаларын негизги киреше булагына айлантканы бар.

Белгилүү ырчы Нурлан Насип жана анын аялы Асел Кадырбекованын жашоосу жана чыгармалыгы 900 миңден ашык колдонуучулардын көзөмөлүндө. Нурлан Насиптин инстаграмдагы күйөрмандары аялыныкынан 80ге көп.

instagram баракчасынан алынды
Фото instagram баракчасынан алынды

Асел Кадырбекова күйөөсү менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн, видеолорун чыгарып жатып жазылгандардын санын 902 миңге жеткирди. Жубайлар бири-бирине «лайк» басып, колдоп турушат.

instagram баракчасынан алынды
Фото instagram баракчасынан алынды

Алардан артынан Айгерим Расул кызы келе жатат. Ага 823 миң киши жазылган. Айгерим тойдон видеолорду тынымсыз жүктөйт. Нурзат Токтосунова менен мушташы Айгеримге дагы, алып баруучуга дагы пайдалуу болуп, күйөрмандарынын саны көбөйтүп алышты окшойт. Нурзат Токтосунованын баракчасына жазылгандар — 530 миң.

instagram баракчасынан алынды
Фото instagram баракчасынан алынды

Жакында эле көкүрөгүнүн чоңойтуп, аны элге ачык жарыялаган «Нон стоп» тобунун мурдакы солисти Чолпон Талипбек кызы ырчы Мирбек Атабековдон бир кадам озуп бара жатат. Чолпондун кийим-кече дүкөндөрүн, косметикаларды жарнамалаган баракчасын такай 746 миң киши карашат. Мирбек Атабековдун чыгармачылыгындагы жана үй-бүлөсүндөгү жаңылыктар менен 734 миң күйөрманы таанышып турат. Айпери Кубик кызынын жашоосундагы жаңылыктар 732 миң инстаколдонуучуларга кызыктуу. Алардын айрымдары эринбей ырчыны сынга алып, терс пикирлерин тынымсыз жазып турат.

instagram баракчасынан алынды
Фото instagram баракчасынан алынды

Сайкал Садыбакасова менен Нурмат Садыровго 628 миң киши жазылган. Нурмат Садыровдун баракчасында видеоклип, сүрөттөрдөн башка атайын оюндарын эске албаганда жарнама жокко эсе. Ал эми Сайкал жарнамаларды байма-бай жарыялап, интернет дагы каражат таап турат. Ырчынын жеке жашоосундагы өзгөрүүлөр инстабаракчасына жакшы таасир берип, жазылгандардын санын көбөйттү.

Ырчы Неля Нуркулова үй-бүлөсүн, чыгармачылыгын гана эмес, интернет баракчасын дагы мыкты алып барат. Талантуу айым баардык жагынан шыгын көрсөтүп, 671 миң күйөрманына дүкөндөрдү жарнамалап турат.

instagram баракчасынан алынды
Фото instagram баракчасынан алынды
Ал эми күйөөсү Урмат Усеновдун баракчасына кызыккандардын санын 192 миң гана.

Аяна Касымованын аракети күч. Үлпөт көйнөктөрдү жарыялап, сырдуу сүрөттөр жана маалыматтар менен жазылгандарын санын 644 миңге жеткирди.

instagram баракчасынан алынды
Фото instagram баракчасынан алынды

Анын артынан Данияр Эрматов 616 миң киши менен турат. Эл аралык сынактын жеңүүчүсү Гүлжигит Калыковдун кызыктуу сүрөттөрүнө карабай, колдонуучулардын саны 519 миң.

instagram баракчасынан алынды
Фото instagram баракчасынан алынды
Айтмакчы, белгилүү ырчы Омор интернет баракчасына анча көңүл бөлбөйт. Ага 582 миң киши катталган.

Эстраданын ана башчылары дагы жаш курагына карабай инстаграмды жакшы өздөрүшкөн. Бирок, жаштардан артта. Гүлнур Сатылганова 362 миң, Бек Борбиевге 334 миң, Сыймык Бейшекеевге 224 миң киши катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар