19:25
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

МККнын мурдакы жетекчиси Дастан Догоев Арменияда калыстардын көңүлүнө арзыды

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдакы жетекчиси Дастан Догоев Арменияда өткөн «Евразия санариптик платформа» инновациялык долбоорлордун сынагында калыстар тобунун атайын сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия маалымдайт.

Догоев сынакка «Платформа 8» долбоору менен катышкан. Долбоор бизнес чөйрө, миграция жана социалдык кызматтын бирдиктүү санариптүү платформасы.

Сынакка жалпысынан 300 долбоор катышып, Армения, Беларусь, Казакстан жана Россиянын өкүлдөрү башкы байгелерди алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар