03:15
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Акчасын алдырып жибергенине карабай Кыргызстанга кайра келүүнү самаган турист

Ян Поливка 10 жылдан бери Амстердамда жашап, борбордогу бассейндердин биринде куткаруучу болуп иштейт. Өзү Чехиялык. Ал бош убактыларында саякаттаганды жактырат. Ян тоолорду жакшы көргөндүктөн Кыргызстанга келүүнү чечкен.

«Мен Орто Азиялыктар менен таанышып калып, алардын айткандарынан улам бул тарапка келүүнү чечкем», -дейт Ян. 

Ян Поливка алгач Казакстанга барган, андан соң мында келди. «Сиздердин өлкө укмуштуудай кооз. Бул күнгө чейин мындай жерге барып көргөн эмесмин. Чынында эле адамдын буту баспаган жаратылышы бар», -дейт каарманыбыз.

— Бишкекте болдуңузбу? Сизди баарынан да эмнелер таң калтырды?

—Албетте, Бишкекте болдум, бирок акыйкаттык үчүн айтып коёюн, борбор калаага акыркы кезекте гана келдим. Мага биринчи кезекте жаратылыш жана тынчтык керек. Шаардын ызы-чуусу чарчатып жиберет, тоолорго гана кеткиң келет. Мындан улам, Бишкекте аз гана убакыт калдым. Мага Ош базары жакты. Сүйүктүү жерим десем да болот, европалыктар үчүн экзотикалык жай. Азык-түлүктөр экологиялык жактан таза жана даамдуу экен.

Меймандос соодагерлер күлүп-жайнап тосуп алып, ал тургай ооз тийгизишет. Керектүү нерсеңди алгыча тоюп да каласың.

Мен бир аз орусча билем, анткени түпкү тегим Чехиядан. Мектепте окуп жүргөндө Пушкин сүйлөгөн тилди үйрөнгөм. Соодагерлер жана таксисттер менен пикир алышууда кыйналган деле жокмун. Бул жакта азык-түлүк абдан арзан экен. 

— Бишкек менен сиздин туулуп өскөн жериңиздин окшоштуктары бар бекен?

— Бишкекте советтик партиялык жетекчилердин убагында курулган турак үйлөр бар экен. Чехияда дагы советтик архитектуранын негизинде салынган эстеликтер көп.

— Лениндин эстелигин көрдүңүзбү?

— Албетте.

— Улуттук тамак-аштардан кайсы тамакты жактырдыңыз?

-Мен эттүү тамактарды жакшы көрөм. Куурдак, лагман жана шишкебекти сүйүп жейм. Боорсок дагы абдан жакты. Ал эми улуттук суусундуктардан кымызды ичпейм, бээнин сүтүн такыр иче албайм.

— Жергиликтүү тургундар менен таанышканда эмнелерге таң калдыңыз? Сизди капаланткан окуяларга туш болбодуңузбу?

— Меймандостук мамилеге абдан таң калдым. Чынында эле жергиликтүү калк абдан мээримдүү, дайыма жардамга келүүгө даяр. Ал эми мени капаланткан окуя тууралуу айтсам, бийлик милициянын ишин реформалашы керек.

Мен Бишкекке биринчи жолу келгенде тоноп кетишкен, болгондо да укук коргоо органдарынын кызматкерлери!

Мен шаарды аралап жүрсөм патрулдук милиция токтотуп документимди сурады. ID-карта сакталган капчыгымды сунгам, кайра колума алып ичиндеги 5 миң сомду таппай калдым. Бирок, ошого карабай Кыргызстанга дагы келем.

Эң көп окулган жаңылыктар