08:18
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Мухаммедкалый Абылгазиев Баткенди кыдырат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бир күндүк жумушчу сапары менен Баткен облусунун аймагын кыдырат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн маалымдашты.

Өкмөт башчы Баткен жана Лейлек райондорундагы мектептердин жана бала бакчанын ачылыш салтанатына катышат. Ошондой эле, ал кесиптик лицейдин курулушунун жүрүшү менен таанышып, Исфана шаарындагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер И.Раззаковдун эстелигине гүл коет.

Мындан тышкары сапардын алкагында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба көргөзмөсүнө барып, Лейлек районунун 90 жылдыгын белгилөөгө катышмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар