Икрамжан Илмияновду кармоодо жазык-процессуалдык кодекстин эрежелери бузулган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Ал кардарынын камакка алынышы тууралуу Биринчи Май райондук сотунун санкциясынын үстүнөн даттанды.
Жактоочунун айтымында, Икрамжан Илмияновго карата кылмыш иши 28-сентябрда козголгон. Бирок, тергөө иш-чараларын өткөрүшкөн эмес. Ошого карабай 18-октябрда мурунку кеңешчиге сырттан күнөө коюп, издөө жарыялашкан.
Эске салсак, Икрамжан Илмиянов УКМКнын тергөө абагына 28-ноябрга чейин камакка алынды. Ага алдамчылык боюнча айып тагылууда.
Алты жыл бою өлкөдө таасирлүү адамдардын катарында турган Икрамжан Илмияновдун айылдаштары митингге чыгып, президентке кайрылуу жолдошту. Алар өлкө башчысынан тергөө иштерин калыс жүргүзүп, Илмияновду үй камагына чыгарууну суранышат.