23:37
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ырчы Айпери Кубик кызы Ош аэропортунан чыгымдарын төлөп берүүнү талап кылат

Ырчы Айпери Кубик кызы Ош шаарынын аэропортунан анын чыгымдарын төлөп берүүнү талап кылат. Бул тууралуу ырчы өзүнүн instagram баракчасында билдирди.

Айпери Кубик кызынын билдирүүсүндө аэропорттун кызматкерлери анын менен байланышка чыгып, окуянын чоо-жайын сурашкан. Бирок, азырынча так жооп жок.

«Мен алардан чыгымдарымды төлөп беришин талап кылам. Андай болбосо башка чара көрөбүз», — дейт ырчы.

Ырчы 21-октябрда Саратов шаарына учуп бармак. Ал Ош-Москва-Саратов каттамы менен жолго чыккан. Бирок, анын жүгү Ошто калып калган.

«Той ээлери чыгым кылып мени чакырышкан. Аларга мен уят болдум, менин ишим үзгүлтүккө учурады. Аэропортко чалсам, айыбын мойнуна алгандан көрө, менин ар кайсы номурга жөнөтүп жатышты. Мында тийиштүү кызматкерлерди дагы жоопко тартуу керек», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар