20:06
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Баткендиктерде маараке. Кызыл-Кыя 120, Лейлек 90 жылдыгын белгилөөдө

Баткен облусунун Кызыл-кыя шаары 120 жылдыгын, Лейлек району 90 жылдыгын белгилөөдө.

Кызыл-Кыя шаарында өткөн салтанатта каала архивинин жаңы имараты ачылды. Имараттын курулушуна республикалык бюджеттен 12 миллион 593 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 410 миң сом бөлүнүп, демөөрчүлөр тарабынан 200 миң сом кошумча жумшалды. Андан тышкары, 120 орунга ылайыкташкан «Ак-Куу» балдар бакчасынын ачылышы болду. Бала бакчанын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 4 млн сом, грант эсебинде 6 миллион сом каралып, капиталдык ремонттон өткөн.

«Ак-Куу» балдар бакчасынынын ачылышы менен шаарда бала бакча муктаждыгы дээрлик чечилди. Учурда шаарда 14 бала бакча иштеп жатат", — дейт мэрия. 

Ал эми Лейлек району быйыл 90го чыкты. Маараке салтанаты Исфана шаарынын стадионунда өтөт. 

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Лейлек району.

Эң көп окулган жаңылыктар