20:18
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

5-6-класстардын табият таануу жана география китептери кайрадан оңдолот

5-6-класстардын табият таануу жана география китептери кайрадан оңдолуп басылып чыгат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытов билдирди.

Буга чейин аталган китептерде грамматикалык жана мазмундуу каталар табылгандыгы маалымдалган.

Абакир Мамытовдун айтымында, жалпысынан 87 миң китеп кайра басылып чыгарылат. Анда ар бир сабак боюнча 43,5 миң сом сарпталмакчы.

Китептерди кайра басып чыгаруу «Билим компьютер» басмаканасынын эсебинен жүргүзүлөт. Ал эми жаңы китептер даяр болгонго чейин, эски китептер мектептерден чогултулбайт.

Эң көп окулган жаңылыктар