00:39
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Президенттин окуу китептериндеги каталарды белгиледи

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды.

Президент акыркы мезгилде басмаканадан чыккан окуу китептеринин сапатынын төмөндүгүнө көңүл бурду. Сооронбай Жээнбеков окуу китептерин басып чыгарууга системдүү мамиле керектигин айтты. Окуу китептерин иштеп чыгуу, басып чыгаруу, таратуу үчүн сапатын көзөмөлдөө, белгиленген стандарттарды жана процедураларды сактоо, бюджеттик жана донорлук акча каражаттарын колдонуу алдын ала пландалып, ишке ашуусу керек.

Мамлекет башчысы окуу китептерин басып чыгарууда коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу зарылдыгын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле жогорку окуу жайлардагы коррупцияга каршы күрөшүү жана өлкөнүн болочок адистерин даярдоо сапатын жогорулатуу талабын койду.

Эң көп окулган жаңылыктар