Бишкекте турак үйлөрдүн жарымына жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Бишкекжылуулуктүйүнү» ААКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1 миң 113 турак үйгө жылуулук берилди. Мындан тышкары 11 оорукана, 28 бала бакча, 21 мектеп жылуулук менен камсыздалды.
Эске сласак, 18-октябрдан тарта борбор калаада жылуулук сезону башталды.