22:04
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкектиктердин үйлөрүнө жылуулук эртеңден тарта бериле баштайт

Бишкектиктердин үйлөрүнө жылуулук эртеңден тарта бериле баштайт. Тиешелүү жарлыкка мэр Азиз Суракматов кол койду.

Маалыматка ылайык, буга чейин ЖЭБ аба ырайынын шарттары кескин өзгөрө турган болсо, жылуулук сезонун баштоого даяр экенин билдирген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы гидрометеорология агенттигинин божомолуна ылайык, октябрда өлкө аймагында абанын температурасы орточо 5 градустан 14 градуска чейин жетет. Айдын ичинде температура −1 градус суукка чейин түшүшү мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума