06:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Россия «кара тизмеге» кирген кыргызстандыктарга аймагына кирүүгө уруксат берет

Орусия ноябрдан тартып ар кандай себептер менен «кара тизмеге» кирип калган кыргызстандык жарандарга карата аймакка кирүүгө тыюу салууну алып салат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, орус тарап кара тизмеге кирип калган кыргызстандыктарды чыгарат. Алардын Орусиянын аймагында мыйзамдуу түрдө катталышына мүмкүнчүлүк берет.

«Кара тизмеден бир канча жолу административдик жоопкерчиликке тартылгандар чыгарылат. Орусияга кире албаган кыргызстандыктар ОФнын ИИМ сайтынан өзүнүн жеке маалыматын тактап, ноябрдан тартып барса болот. Миграция мыйзамын бузуп, мыйзамсыз жүргөн жарандар 16-октябрдан 10-декабрга чейин өлкөдөн тоскоолдуксуз чыгып кайра кирсе болот», -деп жазылат маалыматта.

Орусия тарап кабыл алган чечим төмөнкү жарандар үчүн кабыл алынбайт:

Орусиянын сот органдарынын чечими менен кара тизмеге киргендер, издөөдө жүргөндөр, «Кирүү жана чыгуу тартиби тууралуу» Мыйзам боюнча Орусияга кирүүгө тыюу салынгандар.

Орусиянын аймагында 650 миңге жакын кыргызстандык эмгектенет. Анын 70 миңден ашууну кара тизмеге киргендер.

Эң көп окулган жаңылыктар