13:32
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Астанада менингитке шектелип сегиз окуучу ооруканага жаткырылды

Астанада «сероз менингити» диагнозу менен сегиз окуучу ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар шаардын Коомдун саламаттыгын коргоо департаментинин башчысы Садвакас Байгабуловго шилтеме кылып жазышты.

«Аларды 5-октябрдан 16-октябрга чейинки аралыкта алып келишти. Учурда балдардын абалы канааттандыраарлык. Баары тең оорунун белгилерине жараша жана вируска каршы дарыланып жатышат. Алар булчуңдары, баштары, курсактары, тамактары ооруп, айрымдарынын мурду бүтүп, жөтөлүп, кускусу келип келишкен. Учурда бардык балдардын абалы туруктуу», — деп билдирди Садвакас Байгабулов.

Анын айтымында, дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок, адатта мындай бейтаптар 8-10 күндүн ичинде айыгып чыгып кетишет.

Оорусу күчөп кеткендер дээрлик болбойт. Сероз менингитинде карантин киргизилбейт. Ооруп калган балдар борбордогу ар кайсы мектептердин окуучулары.

Расмий маалыматтар боюнча жыл башынан бери Астанада 196 адамга вирустук менингит диагнозу коюлса, алардын 85ин мектеп окуучулары түзгөн.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жалпысынан республика боюнча менингокок инфекциясынан адам өмүрү кыйылган 14 учур катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар