19:29
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Тажикстанда менингитке каршы кошумча чаралар көрүлө баштады

Тажикстандын Санитардык эпидемиологиялык кызматы Казакстанда менингококк инфекциясынын күчөгөндүгүнө байланыштуу Душанбе аэропортунда кошумча алдын алуу чараларын көрө баштады. 

Мекеменин башчысы Мизроб Низомовдун айтымында, мындай чаралар аталган оору күч алып жаткан Казакстандан Тажикстанга дээрлик күн сайын түз каттамдар аткарылып тургандыктан улам көрүлө баштады.

«Аэропортто санитардык-карантиндик көзөмөл жүргүзүлүүдө. Дене табы жогору адамдар ошол жерде орнотулган атайын жабдууларда текшерилет. Эгер бул ооруга шек болсо, анда жүргүнчү жакшылап текшерүү үчүн ооруканага жөнөтүлөт», — деди Мизроб Низомов.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Тажикстанда менингококк инфекциясы менен ооруканага жаткырылгандар жок.

Ал ортодо жыл башынан бери Казакстада бул ооруну жугузуп алган 59 адам катталса, алардын 21ин 14 жашка чыга эле балдар түзөт. Жалпысынан менингококк инфекциясынан 13 киши каза тапты: Алматыда — 6, Алматы облусунда — 4, Түштүк Казакстан облусунда — 2 жана Кызылордо облусунда — 1.

Менингококк инфекциясы — түрдүү симптомдор менен коштолгон курч мүнөздөгү инфекциялык оору

Эң көп окулган жаңылыктар