04:43
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстандын жараны менингокок инфекциясына шектелип ооруканага жаткырылды

Казакстандын Жамбыл облусунда Кыргызстандын жараны менингокок инфекциясына шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу CA-News аталган региондун саламаттык сактоо коомдук Департаментине шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Талас облусуна караштуу Манас районунун 1989-жылы туулган жашоочусу жугуштуу оорулар ооруканасына бүгүн эртең менен келип түшкөн.

Бейтаптын айтымында, ал 27-майдан бери Таразда жүргөн. Департаменттин маалыматына ылайык, бактериялык изилдөөнүн жыйынтыгы 3 күндөн кийин белгилүү болот.

«Бирок, анын абалына караганда менингокок эмес, энтеревирустук инфекцияга жакын белгилер байкалууда», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар