21:21
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкектеги дарыканаларда жашоого эң зарыл болгон айрым дарылар сатылбай калды

Бишкектеги дарыканаларда жашоого эң зарыл болгон айрым дарылар сатылбай калды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине бейтаптар айтышты.

Маалыматка ылайык, «Серетид» жана «Эрфлюсал» дарылары сатыкта жок.

«Аталган дарыларды жеңилдетилген рецепт менен сатып алабыз. Азыр дарыканаларда дарынын кампада жок экенин айтышууда. Алардын ордуна башкасын сунуштап жатышат, бирок ал дарылар жардам бербей эле. Эмне үчүн мамлекет дары-дармектердин санын көзөмөлгө албайт? Астма менен жабыркагандар кантип жашайт?», -дешет бейтаптар.

Эң көп окулган жаңылыктар