11:41
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Чүйдө тоноочулар үйдөн 150 килограммдык сейфти алып чыгып кетишкен

Чүй облусуна караштуу Новопавловка айылында тоноочулар үйдөн 150 килограммдык сейфти алып чыгып кетишкен. Бул тууралуу Чүй ИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сейфтин ичинде акча жана баалуу буюмдар болгон.

12-сентябрда Сокулук РИИБга талап-тоноо тууралуу арыз келип түшкөн. Белгисиз бирөөлөр үйдүн терезесинен кирип, 70 миң доллар, алтын буюмдары жана баалуу документтер сакталган сейфти көтөрүп чыгып кеткени аныкталды.

Аталган кылмышка шектүү катары 27 жаштагы жаран кармалды. Анын жанындагы 2 шеригинин дагы өздүгү такталып, издөө жарыяланды.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби