22:29
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги сунушталды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошогон шартта премьер-министр президентке бош кызматтык ордуна Жогорку Кеңештин жактыруусу менен 5 иш күнүнүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт. 

Чыңгыз Айдарбеков 2016-жылдан бери Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болуп эмгектенет.

Ал 1998-жылы Кыргызчтандын Эл аралык университетинде «эл аралык мамилелер» адистиги боюнча бакалавр даражасын алган. 2001-жылы аталган окуу жайда «юриспруденция» адистиги боюнча магистратурада окуган. 2017-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинде аспирантураны бүтүргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар