05:34
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстандык 46 жаран Түркияда акчасыз жана жумушсуз калышты

Кыргызстандык 46 жаран Түркияда акчасыз жана жумушсуз калышты. Алар жардам сурап ЖМКга кайрылышты.

Айтымдарында, алар «Фиеста сервис» компаниясы аркылуу ишке орношушкан. Бирок, алданып калышкан. Кыргызстандык топ Кемер шаарындагы «Авангард ресорт» мейманканасында 3 ай иштешкен. Бирок, келишим бүткөндөн кийин жумушчулар айлык акысын алышкан эмес.

«Мейманканадан бизге айлык акы маселесин жумушка орноштурган компания менен сүйлөшүп чечишип алгыла дешти. Бирок, «Фиеста сервис» компаниясынын директорунан дайын жок. Телефону өчүк, Бишкектеги кеңсесинде дагы эч ким телефонго жооп бербей жатат. Биз Кыргызстандын элчилигине кайрылганга туура келди, бирок алар дагы биздин өтүнүчүбүзгө көңүл бурушкан жок», -дешет кыргызстандыктар. 

ТИМ 24.kg агенттигине билдиргендей, бул маселени чечүүгө элчилик эмес, Стамбул шаарында жайгашкан Башкы консулдук чечет.

«Азыр Түркияда эртең мененки саат 7. Консулдуктун кызматкерлери ишке келип, сөзсүз териштиришет», -дешти ТИМден.

Эң көп окулган жаңылыктар