14:00
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Новосибирскте Кыргызстандык жаран эвакуатордун алдында калып каза болду

Кыргызстандык жаран Новосибирсктеги Калинин районунда эвакуатордун алдында калып каза болду. Бул тууралуу Сибкрай.ru. сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кырсык Ипподром жана Кропоткин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Новосибирск Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, 56 жаштагы жаран жолдон өтүп бара жатканда кырсыкка кабылган. Айдоочунун айтымында, жөө жүргүнчү кара кийим кийип жүргөндүктөн жана начар аба-ырайынын шарттарынан улам аны көрбөй калган.

Эң көп окулган жаңылыктар