10:46
USD 84.87
EUR 91.65
RUB 1.10

Бишкек мэриясы 10 соток жер аянтын муниципалдык менчикке кайтарып алды

Бишкек мэриясы 10 соток жер аянтын муниципалдык менчикке кайтарып алды. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы Түштүк магистралдагы велосипед жолун жана жөө адамдар жүрүүчү тар жолду курууга тоскоол болуп жаткан унаа токтотуучу жайды бузуп салды.
 

«Жалпы аянты 10 соток болгон муниципалдык аймакты мыйзамсыз курчап алышкан. Чыңгыз Айтматов жана Түштүк магистралдын кесилишиндеги № 97/4 үйдүн бастырмасы жана тосмолору алынып салынды», -деп жазылат билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар