08:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Стамбулда Борбор Азия жана Кавказ кримтөбөлдөрүнүн жыйыны болду

7-октябрда Стамбулдун Аксарай кичи районунда Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн криминал төбөлдөрүнүн жыйыны болду. Анда Азербайжан криминал дүйнөсүнүн лидери, «Лоту Гули» деген каймана ат менен белгилүү Надир Салифов төрагалык кылды.

Өзбекстандагы өз булактардын (кримтөбөл жана криминал дүйнөсүнө жакын ишкер) кабарлашынча, «мыйзамдагы уурулардын» жыйынына учурда Түркияда жашап жүргөн Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн криминал дүйнөсүнүн ондогон өкүлдөрү катышты.

​"Мыйзамдагы уурулардын" жыйынында борборазиялык кримтөбөлдөрдүн лидери катары «Самарканддык Ахтам» аттуу авторитет сүйлөдү. Мындан тышкары жыйынга учурда Түркияда жашап жүргөн Өзбекстан кылмыштуу дүйнөсүнүн 100гө жакын өкүлү катышты. Ошондой эле Казакстандан 30, Кыргызстан менен Тажикстандан 50гө жакын криминал авторитети барды«, — деди Стамбулдагы жыйынга катышкан өзбекстандык кримтөбөл.

Жыйындын дагы бир катышуучусунун айтымында, бул мурдагы СССР өлкөлөрүнүн криминал авторитеттеринин эң ири жыйындарынын бири болду. «Буга чейин Стамбулда мындай жыйын болгон эмес. Анда негизинен кайсыл бир талаштуу маселелерди кантип чечүү керектиги жана чечим кабыл алууда ким калыстык кыла тургандыгы талкууланды. Ошондой эле ортого чогулган акчаны кандай коротуу керектиги жөнүндө да сөз болду», — деди ал.

Мындан тышкары жыйында ортодогу каражаттан ири суммада акча алган өзбек ишкеринен карызын кайтарып берүүсүн талап кылышты. Булактын айтымында, 2010-жылы өзбек ишкерлеринин бири 2019-жылга чейин кайтарып берүү шарты менен ортодогу акчадан 10 миллион АКШ долларын алган.

Түрк маалымат каражаттарынын кабарлашынча, кримтөбөлдөрдүн жыйынынан кийин, 8-октябрда Стамбулдун уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү полициясы 46 жаштагы Надир Салифовду кармаган. «Хурриет» басылмасынын маалыматына караганда, Салифов «адам өлтүрүү үчүн кол салууга», «маңзат аткезчилигине» жана «алдамчылыкка» шектелүүдө.

Постсоветтик аймактагы эң белгилүү криминал авторитети эсептелген Надир Салифов («Лоту Гули») «адам өлтүрүү», «курал-жарак сактоо», «маңзат сатуу» жана «алдамчылык» айыптары менен 22 жыл түрмөдө отуруп, 2017-жылы эркиндикке чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар