Ырчы Бактыгүл Бадыева кыздуу болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу күйөрмандарына сүйүнчүлөдү.
«Көптөн күткөн күн келип,үчүнчү наристемди Кудайдын жардамы менен жарык дүйнөгө алып келдим. Аллага шүгүр! Кызымдын өмүрү узун, ден-соолугу бекем болсун! Ыймандуу, бактылуу болсун. Кудайым колдосун!», — дейт ырчы.
Бактыгүл Бадыеванын дагы эки кызы бар.