11:13
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков мурдакы жетекчилер менен жолугушмакчы

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн мурдакы өкмөт башчысы жана Жогорку Кеңештин төрагалары менен жолугушмакчы. Бул тууралуу ал бүгүн Талас облусундагы иш сапары учурунда билдирди.

Президент буга чейин ЖМК, бейөкмөт уюмдардын жана бизнестин өкүлдөрү менен баарлашкандыгын белгиледи.

«Эми мурдакы премьер-министрлер жана спикерлер менен жолугушуп, өлкөнүн багыты жана башка актуалдуу маселелер боюнча пикирин уккум келет», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар