15:19
USD 87.45
EUR 101.71
RUB 1.12

Сооронбай Жээнбеков Таласта иш сапар менен жүрөт

Президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна иш сапар менен барды. Бул тууралуу өлкө башчысынын пресс-катчысы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Таластын баардык райондорун кыдырып, фасолду кайра иштетүү заводдун жана айыл жеринде жаңы мектептин ачылышына катышат. Андан тышкары айыл чарба кооперативдеринин жана Казакстан менен чек арадагы «Чоң- Капка-автодорожный» көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун иштери менен таанышат.

Эң көп окулган жаңылыктар