19:14
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Баткен шаарында 18 ишканалык өнөр жай аймагы курулат

Баткен шаарында 18 ишканалык өнөр жай аймагы курулат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирет.

Өнөр жай аймагынын курулушу менен президенти Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна бир күндүк иш сапарынын алкагында таанышты.

176,5 га жер аянтын «Айыл чарба» багытындагы жерлер категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер» багытына трансформациялоо" күтүлүүдө.

Трансформациялоо боюнча процедуралар бүткөн соң бул жер тилкесинде индустриялык соода-логистикалык борборун, дене-тарбия жана ден соолукту чындоо комплекси, ун комбинаты, курулуш материалдар заводу, бут кийим фабрикасы, жүн жана тери иштетүүчү завод, таштандыларды кайра иштетүүчү завод, нефтебаза, машина жыйноочу цех, тоо-кендерин иштетүүчү комбинат, жылуулук электр станциясы ж. б. сыяктуу 18 ишканаларды куруу пландалууда. Натыйжада 1200 адам жумуш орду менен камсыз болот.

Шаар мэри Мамыржан Рахимовдун айтымында, өткөн жылы шаарга 86 млн сомдук инвестиция келген, ал эми 2019-жылдын 6 айы ичинде 220 млн сом инвестиция тартылды. Бул каражатка 2020-жылга чейин өнөр жай аймагында бир нече ири ишканаларды ишке киргизүү болжолдонууда.

Эң көп окулган жаңылыктар