21:19
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков Ошто билим берүү жана медицина объектилерин кыдырат

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапар менен Ош облусуна барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Өлкө башчысы Ош шаарында жана Кара-Суу районунда президент билим берүү жана медицина объектилеринин, аймактын ички жолдорунун курулушу менен таанышып, айыл чарба жана өнөр жай ишканаларын кыдырат.

Сот системасын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптештирүүнүн жана коронавирус пандемиясы шартында инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат.

Эң көп окулган жаңылыктар