07:26
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ырчы Азалия Малайзияда дүйнөлүк сулуулар сынагына катышууда

Ырчы Азалия Малайзияда дүйнөлүк сулуулар сынагына катышууда. Сынакка даярдыктардан сүрөттөрдү ырчы инстаграм баракчасына жүктөгөн.

Ырчынын айтымында, ал бул сынакка курбуларынын сунушу менен катышууда.

«Мен жеңишке жетишемби, кайсы бир наам боюнча сыйлык аламбы ал белгисиз. Мен үчүн бул жерде алган тажрыйбалуу балуу», — деп жазат Азалия.

Miss Cosmopolitan World сынагы Куала Лумпур шаарында өтүп жаткан. Төртүнчү жолу уюштурулуп жаткан сынактын интернет баракчасындагы маалыматтарга караганда, ага 31 өлкөнүн жарандары катышууда.

Азалия Дүйшөн «Кыз-бурак» тобунун мурдакы солисти.

Эң көп окулган жаңылыктар