18:08
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Президент: Билим дүйнөсүнүн ачкычы мугалимде

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн мугалимдерин, билим берүү тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы —билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Бул күн ар бирибизге жылуу сезимдерди тартуулайт. Биздин жүрөгүбүзгө билим нурун салган мугалимдерибизге таазим этебиз. Билим дүйнөсүнүн ачкычы мугалимде. Чыныгы мугалим жаш муундарды билим менен гана сугарбастан, адамдык мыкты сапаттарга үйрөтөт, турмушта өз жолун табууга көмөктөшөт. Мугалим — тарбия башаты», -деп жазылат куттуктоодо.

Өлкөнүн өнүгүүсү сапаттуу билим менен бекем байланышкан. Мамлекеттин саясатында билим берүү — артыкчылыктуу багыт. Өлкөбүздө мугалимдин эмгегин татыктуу баалап алууга аракеттер тынымсыз жүрүп келет. Мугалимдердин коомдук кадыр-баркын, статусун бекемдөө менен гана билимдин сапатына жетишебиз.

Сооронбай Жээнбеко

Эң көп окулган жаңылыктар