09:22
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бишкек ЖЭБде химиялык цех уйкана салгандай эле ашар жолу менен салынып жатат

«Бишкек ЖЭБдеги жаңы химиялык цехтин курулушу техникалык-экономикалык жактан талапка жооп бербей, ашар ыкмасы менен уйкана куруп жатканга окшош», -деди Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Гүлшат Асылбаева.

Айтымында, мэриянын отурумунда жылуулук мезгилине карата даярдык тууралуу маселе каралып жатканда, ЖЭБдин директору Андрей Воропаев кырсык болбойт деп кепилдик бере албасын билдирген. Ал эми Улуттукэнергохолдингдин башчысы Азамат Абдыкадыров химиялык цех график боюнча курулуп жатат деп айткан.

«Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов энергохолдингге химиялык цехтин курулушун 1-октябрга чейин бүтүргүлө деп тапшырма берген. Ал эми факт боюнча декабрга чейин аяктоону убада кылышты. Аталган цех уйкана салгандай эле ашар жолу менен салынып жатат, бизге кышында кырсык болбойт деп ким кепилдик берет?», — деди Гүлшат Асылбаева.

Эң көп окулган жаңылыктар