10:28
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Коопсуз шаар. Сынактын жүрүшүндө жогорку жакта иштеген бирөө кысым көрсөткөн

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу үчүн уюштурулган сынакка катышкандар эл аралык сотко доо арыз менен кайрылышат. Бул тууралуу маалымат жыйында «Маалыматтык системанын коопсуздугу» компаниясынын расмий өкүлү Юрий Катютин билдирди.

Айтымында, сынак эреже бузуулар менен өткөн. Жыйынтыгын расмий билдирүүгө чейин эле «Вега» компаниясы жеңди деп эрте айтышкан.

«Сынактын жүрүшүндө жогорку жакта иштеген бирөө кысым көрсөткөн, анын атын атабай эле коеюн. Сынактын шарты боюнча, «СпецСтройМонтаж» менен «Вега» компаниясы катышпаш керек эле, анткени алар квалификациялуу талаптарга жоп бербейт жана керектүү тажрыйбалары жок», -деди Юрий Катютин.

Компаниянын жактоочусу Тилек Өмүралиевдин айтымында, сынактын комиссиясы тендер өткөрүүнүн эрежесин бузушкан.

«3-турдун жыйынтыгы боюнча биздин компания жеңүүчу деп табылышы керек болчу, анткени биз эң төмөнкү бааны сунуштаганбыз. Бирок, тендердин тартибин эске албай, уюштуруучулар атаандаштарга кошумча убакыт берип коюшту», -деди жактоочу.

Компания арызды кароо боюнча ведомстволор аралык комиссияга кайрылды. Эгерде канааттандарбаса анда орусиялык инвестторлор эл аралык сотко кайрылуу ниетинде.

Эң көп окулган жаңылыктар