16:03
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Токон Мамытов саясый туткундар боюнча иштөөгө даяр

Акыйкатчы Токон Мамытов «Саясий туткундарды коргоо» комитетинин өкүлү Зульфия Марат менен жолукту. Бул тууралуу Акыйкатчы институту маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Зульфия Марат учурда камакта жаткан Б. Асанов, К. Кадыров, Э. Карыбеков, Б. Талгарбеков, Т. Колубаев, М. Султанов, А. Гусев, Т. Калматов боюнча маселе көтөрүп, алар УКМК тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам саясий туткунга айланып, үч жылдан бери акыйкаттыкка жетпей келаткандарын белгилеп өттү. Анын айтымында УКМКнын мурунку жетекчиси жана мурунку Башкы Прокурор коомчулукту гана эмес, мамлекет жетекчилерин дагы жаңылыштыкка алып келишкен.

Токон Мамытов эгерде «Саясий туткундарды коргоо» комитети тарабынан мыйзамга дал келген сунуштар болсо колдоого жана кызматташууга даярдыгын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар