Ырчы Гүлжигит Калыков Ашхабад шаарындагы эл аралык сынакка катышууда. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасында маалымдады.
Анын айтымында, фестивалда 22 өлкөнүн таланттары күч сынашууда.
Белгилей кетсек, Гүлжигит Калыков 2012-жылы «Евразия жылдызы» сынагын жеңип алган.