21:26
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкекте инспектор окуучуларды жол кырсыгынан сактап калды

Бишкекте жол коопсуздук кызматынын инспектору мектеп окуучуларын жол кырсыгынан сактап калды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгы билдирет.

Алардын маалыматында, бүгүн эртең менен Чүй проспектинде инспектор Марат Султаналиевди кичи автобус сүзүп кеткен.

«Марат Султаналиев жолдун четинде туруп, кичи автобустун катуу келе жатканын көрөт. Бул учурда мектеп окуучулары жөө жүргүнчүлөр өтчү жерден өтүп бара жатышкан. Инспектор жолдун ортосуна чыгып, уунаны токтотууга аракет кылат. Маршрутка аны 10 метр алыстыкка учурган», — деп айтылат маалыматта.
Марат Султаналиев Бишкек шаардык травматология жана ортопедия борборуна жеткирилди.

Буга чейин жол кызматынын инспекторун жүк ташуучу ууна сүзүп кеткени маалымдалган. 

Эң көп окулган жаңылыктар