04:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ырчы Чолпон Талипбек көкүрөгүнө пластикалык операция жасатты

Ырчы Чолпон Талипбек көкүрөгүнө пластикалык операция жасатты. Бул тууралуу ал instagram баракчасында маалымдады.

Чолпон Талипбек көкүрөгүн чоңойтуу үчүн бир жыл ойлонуп чечим кабыл алганын айтат.

«Негизи мага мурда менин көкүрөгүмдүн өлчөмү жакчу. Бирок, арыктаганымдан кийин өтө эле кичирейип кетти. Арыктаганда эртең менен пайдалуу майларды ичип турса көкүрөк формасын жоготпостугу белгилүү, бирок диетанын артынан кескин салмак таштадым. Бир иш-чарада бир кыздын көкүрөгү жакты. Кийин анын балалуу болуп, баласын эмизип жүргөнүн да көрдүм», — дейт ал.

«Non stop» тобунун мурдакы ырчысы алгач Казакстанда операция жасатмай болуп, кийин Кыргызстандагы клиникалардын биринен купулуна толгон даарыгер тапкан. Ал операция 2600 доллардан өйдө турганын, ал эми имплант баасы 600 доллардан башталып, 3 миң сомго анализ тапшырганын кошумчалайт.

Буга чейин Айпери Кубик кызы бетине пластикалы операция жасаганын мойнуна алган.

Эң көп окулган жаңылыктар